Сокулукта 9 эркек тарабынан зордукталды делген 13 жаштагы кыздын үй-бүлөсү жардам сурап кайрылды

9 эркек тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылган 13 жаштагы кыздын үй-бүлөсү көптөгөн кыйынчылыктарга жана көйгөйлөргө туш болду. Бул тууралуу "Балдардын укугун коргоочулар лигасы" коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова социалдык баракчасына жазып чыкты.

"Алар мурунку жеринде жашай албай калгандыктан, арзан баада убактылуу турак-жай табууга жардам издеп жатышат. Жардам берүүнү каалагандар MBank аркылуу колдоо көрсөтө алышат: 0705230880 Лира Ч.", - деп жазды Турдубекова.

Эске салсак, Акыйкатчы институту 20-мартта Сокулукта 13 жашар секелек бир жылдай убакыттан бери системалуу түрдө 9 эркек тарабынан зордукталып жүргөнүн маалымдаган.

Андагы маалыматка караганда, алар кызды зордуктап, эч кимге айтпа деп коркутушкан. Кыз ата-энесине айткандан коркуп, бул убакыттын ичинде ал үч жолу өз жанын кыюуга аракет кылган. Үстүбүздөгү жылдын январь айында кыз дайынсыз жоголуп 20 күндөн кийин гана табылган.

Жоголгон кыз табылгандан кийин балдар менен иштөө инспекциясынын тескөөчүсүнө кандай кордуктан өткөнүн айтып берген. Ошондо гана кыздын ата-энеси окуя тууралуу билип, милицияга арыз жазышкан. Кыздын ата-энеси акыйкатчы менен жолугуп, жашы жете элек кызынын укугун коргоп берүүнү өтүнгөн.

Буга байланыштуу Чүй облустук милициясы бул факты боюнча кылмыш иши козголгонун, учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирген.

Бүгүн, 22-мартта Чүйдүн Сокулук райондук сотунда 13 жашар секелек бир жылдай убакыттан бери 9 эркек тарабынан зордукталып жүргөн делген окуя боюнча шектелип кармалган эки жарандын баш коргоо чарасы каралып, сот аларды бир айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Бүгүн SUPER.KG порталына адвокат Айсулуу Ибраимова Сокулукта 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип эки адам кармалганын билдирген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан