Министрлик "Крокустагы" терактка шектелип кармалган Алишер Касимов боюнча билдирүү жасады

Москванын четиндеги "Крокус Сити" борборундагы үрөй учурган терактка шектүү катары кармалган Алишер Касимов 2014-жылы Кыргызстандын жарандыгынан чыгып кеткен. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

"Кыргызстанда туулган А.К. Кыргыз Республикасынын президентинин 2014-жылдагы жарлыгына ылайык Кыргыз жарандыгынан чыгып кеткен.

Ушуга байланыштуу, аталган жарандын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери Кыргызстандын Орусиядагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн жана консулдук мекемелердин компетенциясына кирбейт", - деп билдиришти министрликтен.

Кечээ, 26-мартта "Крокустагы" терактка шектелип сегизинчи адам кармалган. Ал Кыргызстанда туулган Орусиянын жараны Алишер Касимов болгон. Сот аны 2 айга камакка алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан