Дагы бир кыргыздын жаш баатыры. "Крокустагы" каргашалуу окуяда миңден ашуун адамды сактап калган Белек (видео)

Москвадагы "Крокус Сити Холлдогу" кандуу окуяга күбө болгон Белек аттуу баланын ал учурду айтып берип жаткан видеосу интернет желесине тарады.

Ал жүздөгөн адамдардын өмүрүн сактап калган кыргызстандык Ислам Халиловдун досу экенин белгилеп, ал күнү аны менен бирге болгонун айтты. Ал "Крокус Сити Холлдун" концерттик залындагы гардеробдо иштегенин билдирген.

"Гардеробдо 1500ден 2500ге чейин адам болгон. Алардын бардыгына кеңеш берип, эшикке чыгарган соң акырында өзүм чыктым", - дейт Белек.

Буга чейин каргашалуу окуяда жүздөн ашуун адамдардын аман калышына себепчи болгон кыргызстандык Ислам аттуу өспүрүмдүн аты аталган. Ал эрдиги үчүн Орусиянын муфтийи Равиль Гайнутдин сыйлыгына татыган.

Мындан тышкары, Орусиялык ырчы Моргенштерн өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Исламга 1 миллион рубль сыйлык бергенин жарыялаган.

Эске салсак, Моквадагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы теракт 22-марттын кечинде орун алган.

27.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан