Бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Камила Талиева саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди сынга алды.
Эл өкүлү министр кесиптеши Жусупбек Коргонбай уулун сотко бергенин айыптап, мында окуя тарыхта болбогонун айтты.
"Токтогулда бир баланы эки жолу эмдөөдөн өткөрүшүптүр. Бул эмне деген нонсенс?! Ата-энеси сизди сотко бериши керек болчу. Тескерисинче сиз депутатты сотко берип отурасыз. Мындай тарыхта болгон эмес. Эч качан министр депутатты сотко берген эмес. Мыйзам боюнча депутат сүйлөгөн сөзү үчүн жоопкерчиликке тартылбайт. Сизди эң түйшөлткөн маселе элдин саламаттыгы болушу керек эле. А сиз башка нерсе менен алектенип жүрөсүз", - деди Талиева.
Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев 27-мартта депутат Жусупбек Коргонбай уулун сотко берген.
Бейшеналиев SUPER.KG порталына эл өкүлүн эмне себептен сотко бергенин айтып берген.
Жогорку Кеңештин 14-марттагы жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар деп сындаган.
Бейшеналиев парламенттин 14-марттагы жыйынында Коргонбай уулу анын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргени үчүн сотко кайрылган. Ал чындыкка дал келбеген маалыматтарды төгүнгө чыгарууну, келтирилген материалдык жана моралдык зыян үчун 10 миң сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн.