Бишкектин мэри “Ак кула” ат майданынын ордуна көп кабаттуу үйлөр куруларын билдирди

Бишкек шаарындагы "Ак кула" ат майданынын ордуна көп кабаттуу үйлөр курулат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев бүгүн, 5-апрелде Орок айылында курулуп жаткан жаңы стадиондун аймагында журналисттерге маалымат берип жатып билдирди.

Эске салсак, социалдык тармактарда жарандар аталган ат майдандын жерине сейил бак салууну сунуштоодо.

"47 гектардын баарына сейил бак кылып коелу деген кантип болсун? Ак кула" ат майданы азыр аукционго коюлду. Сатылгандан кийин ал жерге көп кабаттуу үйлөр түшөт, эскиздери берилди.

Ошондой эле ипподромдун ордуна батирлерден тышкары бала бакча, мектеп жана башка социалдык мекемелердин орду бекитилген.

Бүгүнкү күндө борбордо көптөгөн маселелер бар, анын ичинде жарандарды батир менен камсыз кылуу. Азыркы тапта кыргызстандыктарда көп кабаттуу үйлөргө муктаждык бар. Мына ушул маселени чечишибиз керек", - деди Жунушалиев.

Буга чейин Бишкек мэриясы “Ак кула” ат майданынын 45,73 гектар жерин 8 миллиард 731 миллион 917 миң сомго аукционго койгонун билдирген.

Улуттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдештер өтүп келаткан, 3 миң орундуу “Ак кула" ат майданы 1947-курулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан