Бүгүн, 15-апрелдеги Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков Транспорт министрлигинин өкүлүнө кайрылып, Ысык-Көлдө бак-дарактарды кыйбай жол салуу жактарын караштырыш керектигин сунуштады.
Буга транспорт жана коммуникация министринин орун басары Ырысбек Бариев бак-дарактарды кыюуга аргасыз болуп жатышканын айтып, жооп берди.
"Бул жол боюнча караштырганбыз. Бирок жолдун нугун жылдырсак үйлөргө туура келип калат экен. Бул жол 4 тилкелүү 2-категориядагы жол болот. Жанында веложолу менен болот. Биз бак-дарактарды калтырып, долбоорду өзгөртүп көрөлү десек мүмкүн болбойт экен. Бирок ордуна көл көрүнүп тургудай жапыз бактарды тигүү пландалып жатат", - деди ал.
Депутат "көл жакшы көрүнөт экен" деп эле 40-50 жыл болгон бактарды кыйып салуу туура эмес экенидигин айтты.
Эске салсак, министрлик 1-апрелден тарта Ысык-Көл айланма жолунун "Корумду-Балбай баатыр участогунун 104-чакырымынан 184,5-чакырымына чейин реконструкциялоо" долбоору боюнча курулуш иштери башталарын, мындан улам кээ бир тилкелерде көп сандагы дарактарды кыюуга туура келип жатканын билдирген.