Москва шаарындагы курулушта арматура талаша кетип мушташкан мигранттардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
"Москвадагы «Метроном» турак жай комплексинин курулушунда болгон массалык мушташуунун катышуучуларынын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок", - деп билдиришти министрликтен.
14-апрелде Москвадагы "Метроном" турак жай комплексинин курулуп жаткан жеринде мигранттардын катышуусунда массалык мушташ болгон. Анда арматура талаша кеткен эки бригада мигранттар массалык түрдө мушташышкан. Алар биринчи муштуму менен мушташып, андан кийин бири-бирине таш ыргытууга өтүшкөн.
Мушташка катышкандар Тажикстандын жана Өзбекстандын жарандары экени айтылган.