"Мурасты келечектеги муунга жеткирүүгө далбастайбыз". Рысбай Исаков сыйлык алгандан кийинки эмоциясы менен бөлүштү

Сыйлык моюнга тагылган милдет. Бул тууралуу манасчы Рысбай Исаков сыйлык алгандан кийин эмоциясы менен бөлүшүп жатып билдирди.

"Сыйлык биздин көтөргөн жүгүбүздү андан ары оорлото турган нерсе. Ошого татыктуу болуп, эл жүгүн татыктуу аркалаганга аракет кылабыз. Муундан муунга үзүлбөй келе жаткан баба мурасын келечектеги муундарга жеткирип берүүгө далбастайбыз", - деди манасчы.

Эске салсак, Рысбай Исаковго Кыргыз Эл артисти наамы бүгүн, 18-апрелде Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде ыйгарылды. Аны президент Садыр Жапаров өзү тапшырды.

Рысбай Исаков сыйлык алгандан кийинки эмоциясы менен бөлүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан