Ахрор Иминов күрөш федерациясынын вице-президенттигинен кетти

Өлкөнүн грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Ахрор Иминов өз ыктыяры менен кызматын тапшырып берди. Бул тууралуу маалымат федерациянын Facebook баракчасында айтылат.

Ал эми SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан Иминов 17-апрелде эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде камактан бошотулганын билдиришти.

Буга чейин 2-апрелде райондук сот анын абактагы мөөнөтү 4-июнга чейин узартылганын маалымдаган болчу.

Эске салсак, Иминов былтыр ноябрда УКМК тарабынан Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаган деген шек менен кармалган. Кийин ал тергөө аяктаганча өлкөдөн чыгып кетпөө тил каты менен камактан бошотулуп, январдын башында кайра кармалганы белгилүү болгон. Биринчи май райондук соту 5-февралда анын камактагы мөөнөтүн 4-апрелге чейин узарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан