
O!TV тиркемеси жаңыланды: «O!TV Премиум» топтомуна 30 жаңы телеканал кошулуп, азыр алардын саны мурдагы баада эле 240тан ашты! Плед жамынып алып, ушул кечке эмне көрүүнү тандай турган сонун маал.
Жаңылыктар арасында:
• Кино кечелери үчүн: «Кинопремьерадан» премьералар, «Кинохиттен» классика, ошондой эле «Киномикс» менен «Киноужас».
• Үй-бүлө жана романтикалык мамилелер үчүн: «Киносемья» жана «Киносвидание».
• Түз эфирдеги спорт: «KHL Prime», «Бокс ТВ Плюс» жана «Матч! Планета».
• Балдарга: «В гостях у сказки» каналында боорукер жана таалим-тарбия берүүчү контент.
• Жан дүйнө үчүн: «Dorama» каналында дорамалар, «Кухня ТВда» рецепттер, «Живи!» каналында денсоолук тууралуу программалар.
Бул эмне үчүн пайдалуу:
• Баасы мурдагыдай эле: суткасына бардыгы 9 сом (КНСти эске алуу менен, ССсыз).
• 5 түзмөк – 1 аккаунт: бүт үй-бүлөңүз менен смартфондордон, планшеттерден жана Smart TV’денкөрүңүз.
• Тыныгуу жана ТВ-архив: кызыктуу жерин өткөрүп жибердиңизби? Аны артка түрүп же кийин көрүңүз.
• О! абоненттери үчүн интернет сарпталбайт.
«O!TV Премиумду» кантип туташтырса болот:
1. O!TV тиркемесин смартфонуңузга, планшетиңизгеже Smart TV’ге жүктөп алыңыз.
2. «
Мой О!» тиркемесинен «O!TV Премиум» топтомун кошуңуз же
*750*3# буйругун териңиз
«НУР Телеком» ЖЧКсы. КР МТБМК караштуу МБАнын лицензиялары: №16-0062-КР 06.12.2016, №16-0063-КР 06.12.2016. O!TV кызматынын алкагындагы телеканалы, мазмуну жана контент «Диас ТВ» ЖЧКсы тарабынанберилет.