Бүгүн, 12-ноябрда президент Садыр Жапаров айрым саясатчылар "өзбек-кыргыз ортосуна от жагып, чыр чыгарып, шайлоону өткөрбөй коюш керек” деген сындуу пландарын сүйлөшүп жатышканын Фейсбуктагы баракчасынан билдирди.
"Бирок сөз жүзүндөгү бул чагымчыл ойлору ишке ашып кетиши да мүмкүн. Себеби, өзбек-кыргыз ортосунда чыр чыгарыш үчүн сезимге ойногон, куру намысты козгогон ар кандай жалган кептерди таратып, болбогон жерден чыр чыгарып жиберишет. Биз муну 1990-жылы, 2010-жылы эки жолу башыбыздан өткөрдүк. Ушул эки жолку жаңжалда канчалаган карапайым өзбек-кыргыз жарандарыбыз кырылып кетишти. Ошол жаңжалдарды уюштурган саясатчылардын бирөөсүнүн жакынынын чыпалагы дагы жабыркаган жок. Алар эки жаат кылып, акырын уруштуруп коюп, табасы канып, четте карап тура беришет. Аларга бийлик гана керек",- деди өлкө башчысы.
Садыр Жапаров өзбек жана кыргыз элин ынтымакты сактоого, айрыкча жаштарды чагымчыл чакырыктардан алыс болууга үндөдү.
"Ошол эки жаңжалды башынан кечирген орто жаштан өтүп калган өзбек-кыргыз аксакал, көксакалдар, сиздер ошол жаңжалдарды көрбөгөн азыркы каны кызуу 20-25 жаштагы жаш балдарга жаңжалдын кесепеттери кандай трагедиялуу болорун эскертип туруңуздар. Жаңжалды көрбөгөн жаш балдар бир гана бийликти көксөгөн арам ойлуу чагымчылдардын куурчагы болуп кетишпесин. Мен муну коркуп айтып жаткан жерим жок. Мен эскертип, “алдын алалы” деп айтып жатам",- деп кошумчалады.
Өлкө башчысы азыр мамлекет алсыз эмес экенин эскертип, кокус жаңжал чыгып кетсе, бир-эки күндө басып салууга мамлекеттин күч-кубаты, дарамети жетерин белгиледи.
"Тилекке каршы, андай учурда сөзсүз жабырлануучулар болот. Бирок андай трагедиянын эч кимге кереги жок. Эгер кимдир-бирөөлөр чагымчыл кептерди сүйлөп, чагымчыл иш-аракеттерди баштап жаткан болсо дароо УКМКнын, ИИМдин аймактардагы бөлүмдөрүнө же жергиликтүү бийликтегилерге кабар бериңиздер. Биз карапайым элге кесепети тийбеши үчүн, бейкүнөө адамдар жабыркабашы үчүн, чагымчылдар кайсы улуттан болбосун, дароо бөгөт коюшубуз керек",- деп баса белгиледи.
Жапаров өз сөзүндө “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу курулуп бүтпөй калса экен” деген саясатылар бар экенин билдирди.
"Эгерим аларды ээрчип албагыла! Алар мурдунун учунан алысты көрө албаган, ою кыска, ниети пас пенделер. Кудай буюрса, аталган темир жол бүтсө, жүздөгөн жылдар бою Кыргызстандын бактысы да, келечеги да кең болот. Ал эми “котур ташы койнунда", арам ойлуу, чагымчыл саясатчыларга эскертерим: “Биз билинбей кала беребиз” деп ойлобогула! Илгеркидей “кыңыр иш кырк жылда эмес”, азыр 40 мүнөттө билинет. Азыр күч органдарынын кызматкерлери кесипкөй да, мекенчил да. Чагымчыл иш-аракеттердин кесепеттерин да жакшы билип калышты. Техникалык мүмкүнчүлүктөрү да кеңири. Өлкө боюнча он миңдеген видео камералар иштеп жатат",- деди Жапаров.
Президент 30 жыл баш аламандыктардан башы чыкпаган өлкө сазга батып кеткенин кошумчалап, сөзүнүн аягында өлкө элин ынтымакка чакырды.