Сот Аскат Жетигенге өкүм чыгарды

Бүгүн, 1-июль күнү Бишкектин Свердлов райондук соту акын Аскат Жетигенге өкүм чыгарды.

Соттун чечимине ылайык, ал “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркиндигинен ажыратылды. Ал эми “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси боюнча сот активистти актады.

Аскат Жетиген сотто өзүнө коюлуп жаткан айыптарга макул эместигин айтты.

Эскерте кетсек, Аскат Жетиген 20-мартта кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Ал “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча айыпталган.

Ага чейин акын 15-мартта кайрылуу жасап, бийликти сөгүп билдирүү жарыялаган. УКМК тарабынан 16-мартта кармалып, 48 саатка камакка алынган. 18-мартта Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тил каты менен бошоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан