Улуу Британиядан математика боюнча Кыргызстандын улуттук командасы быйыл жемиштүү кайтты. 11-23-июлда орун алган олимпиадага 108 мамлекеттен 609 окуучу катышып, Кыргызстан 29-орунду багындырган. Капчыкта бир алтын, үч күмүш жана ардак баракчалары да бар.
Кыргызстандын жөнөкөй мектептеринде билим алган окуучулар да ушундай чоң жетишкендиктерге жетсе деген кыял ишке ашып жаткандыгын айткан математика боюнча дүйнө олимпиадасынын машыктыруучусу Мамат Ишматов SUPER.KG порталына маек берди.
Мамат Ишматовдун Кытайдагы даярдык учурундагы сүрөтү
Германиянын окуу жайларын бүтүргөн адис
- Мектепти аяктаган соң Германиянын Ульм шаарындагы университетте математика адистиги боюнча билим алдым. Аны бүтүрүп эле билимимди жогорулатуу максатында магистратурага тапшырдым. Ал үчүн Бремен шаарындагы Якоб университетин тандап алып, билимимди уладым. Дал ошол учурда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү байкап, Кыргызстандын да окуучулары, студенттери чоң бир жетишкендиктерге жетсе, аларга жардам берүү үчүн мен да салым кошсом деген максаттарды койгом. Мына акырындап ал кыялдар ишке ашып, жол көрсөтүүчү болуп келе жатам.
Каржылык маселеси чечилген олимпиада
- Математика боюнча дүйнөлүк олимпиада 65-жолу өтүп жатат. Ал эң алгач Румынияда 1959-жылы уюштурулган. Ошондон тарта дүйнө жүзү боюнча жүздөгөн мамлекеттерден тандалып алынган эң алдыңкы окуучулар барып катышышат. Бул жерге, башкача айтканда, “Математикалык маданияты күчтүү балдар” тандалып алынат. Жылда ар бир мамлекеттен 6 гана окуучу барат. Башында Кыргызстандын окуучулары олимпиадага катышуу үчүн демөөрчүлөрдү издештирип таап, алардын жардамы менен гана келип катышчу. 2017-жылдан тарта Билим берүү жана илим министрлиги атайын каражат бөлүп, жакшы көңүл бура баштады.
Тарых жараткан Кыргызстан
- Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта 6 окуучуну тандап алганбыз, дагы 3 окуучу резервде болду. Ошол айдан тарта тынымсыз даярдык жүрдү. Мен машыктыруучу катары жол көрсөтүп, билим берип келгеним менен, башка да мамлекеттердин тажрыйбасын бөлүшүү керек болчу. Андыктан 20 күн Кытайга барып окудук, Орусиянын алдыңкы математика боюнча эки адиси менен Кыргызстанда иш алып бардык. Жумшаган аракетибиз, уйкусуз өткөн түндөрүбүздүн акыбети кайтып, жыйынтыгы жаман эмес. Биз Кыргызстан үчүн тарых жарата алдык. Бишкек шаарындагы Е.Б. Якир атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучусу Назар Кыргызбаев алтын утса, үч окуучубуз Ян Бобрус, Эльдар Искандеров, Искен Кенжебаев күмүш медаль менен кайтышты. Ал эми олимпиаданын Ардак грамотасы менен эки окуучубуз Нурсултан Эшперов, Султан Мусаходжаев сыйланды.
Өзгөргөн тандоо, жетишилген ийгилик
- Негизги максаттарымдын бири - жөнөкөй мектептерде билим алган кыйын окуучуларды тандап алып, аларды чет мамлекеттеги ушундай таймаштарга катыштыруу, Кыргыз мамлекетин билим жагынан дүйнөгө таанылтуу болуп саналат. Акыркы жети жылдан бери Билим берүү жана илим министрлигинде математика сабагы боюнча машыктыруучу болуп келем. Беш жыл мурун командабыз менен тандоо турунун ситемасын түп тамыры менен өзгөрткөнбүз. Анда чыныгы математика илимине кызыккан, мыкты окуучуларды тандап алууга мүмкүнчүлүгү кеңейди. Бизге тарых жаратуучу учур келди. Дүйнөгө Кыргызстанды билим жагынан да таанылтып, күчтүү математиктер чыксын деген аруу тилегимди билдирем.
Маегиңизге ыраазычылык, Мамат мырза. Ишиңизге ийгилик каалайбыз! Ал эми SUPER.KG порталынын эмгек жамааты мамтематика боюнча дүйнөлүк олимпиадада жеңиш алып келген окуучуларды куттуктайбыз!