Биз социалдык тармакта

Чүйдө мыйзамсыз уюштурулган таштанды төгүүчү жай тазаланды (видео)

Чүй облусунун Кош-Коргон айылында мыйзамсыз уюштурулган таштанды төгүүчү жай тазаланды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жергиликтүү тургундардын кайрылуусунан кийин инспекторлор текшерүү жүргүзүшкөн. Анын жүрүшүндө белгиленбеген аймакка таштандылар мыйзамсыз төгүлүп жатканы аныкталган.

Натыйжада жергиликтүү бийлик тарабынан таштандылар тазаланып, мыйзам бузууга жол берген тарапка административдик чара көрүлгөнү маалымдалды.

Чүйдө мыйзамсыз уюштурулган таштанды төгүүчү жай тазаланды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан