Биз социалдык тармакта

Эдуард Кубатов: "Ала-Арчада куткаруу борборун түзүүнү азыр баштоо керек" (видео)

Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов тоо туризми кеңири жайылган аймактарда куткаруу жана алгачкы жардам көрсөтүү борборлорун курууну сунуштады. Анын пикиринде, биринчи борбор Ала-Арча улуттук паркында ачылышы керек. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Кубатов альпинисттер коомчулугу мындай борборлорду түзүү маселесин төрт жыл мурун эле көтөргөнүн белгиледи.

"Биз тоо трекинги жана укмуштуу туризм үчүн эл эң көп барган жерлерде куткаруу жана алгачкы жардам көрсөтүү борборлорун курууну дал азыр башташыбыз керек. Биринчи борборду Ала-Арча улуттук паркында курушубуз зарыл. Амирдин элесине арнап, муну дал азыр жасашыбыз кажет. Башка жол жок",- деп жазган Кубатов.

11-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жаныбек Аматов да Ала-Арча улуттук паркындагы альпинисттик лагерди жана көзөмөлдөө-куткаруу пунктун кайрадан ишке киргизүүнү сунуштаган. Ал тоого чыгууну каалагандарды алдын ала каттоодон өткөрүп, байланыш каражаттары менен камсыздоо жана зарыл учурда тажрыйбалуу гиддердин коштоосунда тоого чыгуу системин киргизүү керектигин белгилеген.

Эске сала кетсек, 9-ноябрда 15 жаштагы Амир Кунакуновдун сөөгү Ала-Арчадагы "Электро" чокусунун аймагынан табылган. Анын каза болушу тоолуу аймактардагы коопсуздук чараларын күчөтүү жана куткаруу кызматтарынын ишин жакшыртуу зарылдыгын кайрадан күн тартибине чыгарды.

Эдуард Кубатов: "Ала-Арчада куткаруу борборун түзүүнү азыр баштоо керек"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан