Ош шаарындагы Сары-Зоо участкасында 528 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу толук аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Курулуш министрлиги маалымдады.
Маалыматка караганда, имаратты жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда. Мектептин курулушу быйыл февраль айында башталып, республикалык бюджеттин жана Турукташтыруу фондунун эсебинен каржыланган.
"Архитектуралык долбоорго ылайык, имарат үч кабаттан жана беш блоктон турат. Анда предметтик окуу кабинеттер, лаборатория, ашкана, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, компьютердик класс, балдар жана кыздар үчүн эмгек кабинеттер, жыйындар залы жана бардык зарыл шарттары түзүлгөн спорт зал каралган.
Ошондой эле электр энергиясын үнөмдөө үчүн күн панелдери орнотулду. Бул электр энергиясын үнөмдөөгө жана имаратты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого багытталган",- деп айтылды маалыматта.