Абактагыларга телефон киргизгендерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушталууда

Жаза аткаруу тутумунун мекемелеринде, тергөө изоляторлорунда камалган адамга мобилдик жана башка байланыш каражаттарын киргизгендерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушталды. Мындай мыйзам долбоорун Юстиция министрлиги коомдук талкууга чыгарды.

Маалыматка ылайык, түзөтүү мекемелерине тыюу салынган буюмдардын 70 пайызы камактагылардын жактоочусу, жакын туугандары, кыска мөөнөттүк жолугууга келгендер жана абактын кызматкерлери тарабынан киргизилет.

"Көбүнчө мобилдик байланыш каражаттарын негизги тосмодон ыргытуу жолу аркылуу киргизишет 2021-2023-жылдары айыпталуучу жана соттолгондорго берүүгө аракет кылынган 6290 телефон, 1 миллион 880 миң сом жана 540 литр спирт алынган. Жалпы тыюу салынган буюмдарды өткөрүп берүү фактылары боюнча 50 кылмыш иши козголгон", - деп жазылат документте.

Мындай аракет үчүн Укук бузуулар кодексине ылайык, 17 миң 500 сом айып салынат. Бирок бул жакшы натыйжа бербей жаткандыктан муну 30 миң сомго чейин көтөрүү сунушталууда.

Тыюу салынган азык-түлүк жана башка нерселерди алып киргендерге 30 миң сом, телефон жана башка байланыш каражаттарын киргизгендерге 50 миң сом айып салуу каралууда. Ал эми эрежени экинчи ирет бузса 100 миң сомго чейин айып салынат же эки жылга кара жумушка кесилет. Болбосо эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан