Ысык-Көлдүн Бостери айылында киши колдуу болгон Бекбол Аманкуловдун өлүмү боюнча 4 айыпталуучуга чыгарылган өкүм өзгөртүүсүз калтырылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-июлда SUPER.KG порталына облустук соттон билдиришти.
Ысык-Көл райондук соту 5-апрелде Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен төрт адамды 15 жылдан абакка кескен. Соттолгондор жабырлануучуга 1 миллион 180 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.
Кийин айыпталуучулар облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. 24-июлда ишти сот экинчи жолу кайра карап, мурдагы өкүмдү күчүндө калтырды.
Эске салсак, Бекбол Аманкулов Бостери айылында 2023-жылы 6-августка караган түнү көл жээгинде каза болгон. Маркумдун агасы видео аркылуу коомчулукка кайрылып, инисин 7-8 бала сабап өлтүрүп коюшканын билдирген. Ошондой эле ал тергөөчүлөр ишке көңүл кош мамиле жасап, анын өлүмүнө "эпилепсия оорусу себеп болгон" деген тыянак чыгарып коюшканын айтып чыккан.
Ички иштер министрлиги ишти иликтөө үчүн тергөө тобун түзүп, Бекбол Аманкуловдун өлүмүнө шек санап төрт адамды кармаган.