Бишкекте тишин дарылатуу учурунда чарчап калган 3 жашар кыздын өлүмү боюнча айыпталып жаткан тиш доктурдун күйөөсү тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу көз карандысыз дарыгерлер профсоюзунун жетекчиси Бермет Барыктабасова Facebook баракчасында билдирди.
Маалымдагандай, шектүү делген адам документтерди жасалмалоо, кылмышка шериктеш болуу, кылмышты жашыруу өңдүү беренелер боюнча айыпталып жатат.
"Ал эч кандай жогорку кызмат адамы эмес, бул медициналык структурада иштеген эмес. Ал таптакыр башка мекемеде иштеген онколог дарыгер. Анын бир гана күнөөсү - Айганыштын күйөөсү жана эки баланын атасы болгонунда", - деп жазган ал.
Маалыматты SUPER.KG поталына Бишкектин Октябрь райондук сотунан ырастады. Ага ылайык, Октябрь райондук сотунун 24-июлдагы чечими менен шектүү Т.Д.га карата мурда тандалган эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы соттук териштирүү бүткөнчө камакка алууга өзгөртүлгөн. Тагыраагы, ал 17-октябрга чейин №1 тергөө абагына камакка алынган.
Эске салсак, былтыр 21-декабрда Бишкек шаарындагы стоматологиялык клиникалардын биринде үч жашар кыз чарчап калганы маалым болгон.
Маалыматка караганда, каза болгон наристенин атасы алдын ала дарыгерлер менен сүйлөшүп, кызын 18-декабрда клиникага алып барган.
Жакындарынын айтымында, алар наристеге "Севарон" дарысын жыттатып тишин тазалайбыз дешкен. Бирок ага ийне сайышкан, наристе ошол бойдон ойгонбой калган.
Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесине (Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу) ылайык кылмыш иши козголуп, бардык экспертизалар дайындалган.
Экспертизанын жыйынтыгы боюнча "баланын өлүмүнө дары-дармектерди колдонуудан улам келип чыккан анафилактикалык шок" себеп болгон.
Буга байланыштуу кесиптик милдеттерди талаптагыдай аткарбаганга шектелип 31 жаштагы тиш дарыгери кармалган. Кийинчерээк дарыгер үй камагына чыккан.
Кийинчерээк ишти иликтөө үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан түзүлгөн комиссия жеке клиниканы текшерүүгө алган соң ал жай жабылганы айтылган.
Бул окуя коомчулукта резонанс жаратып, Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөн. Алсак, депутаттар Камила Талиева менен Эрулан Кокулов күнөөлүлөр жоопко тартылышы керектигин айтышкан.