Instagram жана Facebook'ка ээлик кылган Meta компаниясы ХАМАСтын маркум саясий лидери Исмаил Ханияга арналган постун өчүрүп салганы үчүн Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимден кечирим сурады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка караганда, Анвар Ибрагим 31-июлда Фейсбук жана Инстаграм баракчаларына Ханияны өлтүрүшүнө байланыштуу көңүл айтуу үчүн ХАМАСтын расмий өкүлү менен телефон аркылуу сүйлөшкөн видеосун, ошондой эле Малайзиянын лидеринин Катардагы Хания менен акыркы жолугушуусунан түшкөн сүрөтүн жарыялаган.
Бирок ал билдирүү Мета тарабынан өчүрүлгөн, бул Ибрагимдин жана Малайзиянын өкмөтүнүн кыжырын келтирген, анткени бул компания Малайзиянын премьер-министринин ХАМАСтын лидери менен жолугушуусуна байланыштуу билдирүүлөрүн өчүргөн май айынан берки экинчи окуя болду.
Куала-Лумпур мазмундун алынып салынышын айыптап, аны адилетсиз жана сөз эркиндигин басмырлоочу деп атады. Ушул жуманын дүйшөмбү күнү Малайзиянын коммуникация министри жана премьер-министрликтин мүчөлөрү бул акыркы окуя боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Мета өкүлдөрү менен жолугушту.
Натыйжада, Мета өкүлү бүгүн Малайзиянын өкмөтүнөн кечирим сурап, Reuters маалымат агенттигине өчүрүү "операциялык ката" экенин айтып, компания постторду "туура жаңылыктарды белгилөө" менен калыбына келтирди деп ишендирди.
Белгилей кетсек, 2-августта Түркияда Instagram социалдык тармагына кирүү чектелген. Айрым маалыматтарга караганда, ХАМАСтын саясий бюросунун маркум жетекчиси Исмаил Ханияга байланыштуу мазмун өчүрүлгөндүктөн Instagram'га кирүү убактылуу токтотулган.
5-августта Түркиянын транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу менен Instagram платформасынын өкүлдөрүнүн 6 саатка созулган сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыккан эмес.