Ысык-Көлдөгү сел: Үч районго өзгөчө кырдаал режими киргизилип, унаа жолдор тазаланууда (сүрөт)

Кечээ, 18-августта Ысык-Көл жана Тоң райондорунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, бир катар жолдор жабылды. Ошондой эле Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу жана Саруу айылдарын да сел каптады. Мындан улам бир катар жолдор жабылган.

Саат 19:30 чамасында Чолпон-Ата шаарындагы Тогуз-Булак сел өтүүчү каналы аркылуу топтолгон суу агып, каналдан ашып кетүү коркунучу жаралган. Жеринде ӨКМдин, Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыктын ыкчам тобу жана шаардык Жарандык коргонуу кызматынын комиссиясы аталган каналды көзөмөлдөөдө.

Ошол эле күнү Тоң районунун Ак-Сай айылынын Жума Жамгырчиев көчөсүндөгү турак үйлөрдү сел каптады. Жерине Тоң району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган. Аталган айылда сел суулары жалпы 30 үйгө кирип, эки турак үйдөн 7 киши жана 6 жаш бала убактылуу коопсуз жайга көчүрүлгөн. Аймакка 30 куткаруучу тартылып, турак үйлөрдөн сел сууларын сордуруу иштери жүрдү.
Ал эми саат 21:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Ысык-Көл районунун Булан-Сөгөттү, Корумду, Темировка айылдарын жана "Ысык-Көл Аврора" эс алуу жайын сел суулары каптады.
Жерине 15 куткаруучу тартылган.
Бүгүн, 19-августта таңга маал Темировка айылында болжол менен 100дөн ашуун турак үйлөрдүн короо жайларын сел каптады.
Селдин кесепеттерин жоюу иштерине жалпы 200 адам, 8 техника тартылды. Ошондой эле ӨКМдин 100 куткаруучусу 3 атайын техника менен сел жүргөн аймакка жөнөтүлдү.
Саат 7:00дө облусттук жарандык коргонуунун штабдык жыйыны өттү. Анда сел сууларынан жабыркаган Темиров, Корумду, Булан-Сөгөттү айылдарына облустук Жарандык коргонуу тутумунун күч-каражаттарын жетиштүү деңгээлде тартуу жана башка район шаарларында абалды көзөмөлдөө боюнча тапшырмалар берилди.
Ысык-Көл, Тоң жана Жети-Өгүз райондоруна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң райондорундагы бир катар унаа жолунда каттам ачылып, Ысык-Көл районунун Григорьевка-Көл-Кашка-Суу жана Корумду-Кум-Бел унаа жолдорунда каттам убактылуу жабык болууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан