Министр унаа сүзүп кеткен жол тескөөчүдөн кабар алды

Бүгүн, 20-августта саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Ысык-Көлдө кызмат учурунда унаа сүзүп кеткен жол тескөөчүдөн кабар алды. Бул тууралуу министрликтен билдирди.

Ага ылайык, министр борбордогу Улуттук госпиталга барып, жол тескөөчүнү дарылоо боюнча кеңешмеге катышты.

"Бейшеналиев дарылоо процессин жеке көзөмөлүнө алды. Ошондой эле жабыркаган кызматкердин жакындары менен жолугуп, медициналык жардам толук көрсөтүлөрүн билдирди.

Эртең бейтаптын абалы жакшырышы менен мээнин MРТ диагностикасын жасоо жана андан аркы дарылоону коррекциялоо пландаштырылууда", - деп жазылат анда.

Учурда 30 жаштагы бейтап жандандыруу бөлүмүндө, абалы оор деп бааланууда.

Эске салсак, буга чейин Бишкектен Ысык-Көл облусуна кызматтык иш сапары менен барып, жол тыгынын жөнгө салып жаткан Кайгуул кызматынын кызматкерин Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткени маалым болгон.

Социалдык тармактарда өздөрүн анын досторубуз деп тааныштыргандар окуя 15-август күнү Чолпон-Ата шаарында болгонун айтып, жол тескөөчү комада экенин, андыктан аны Бишкектеги ооруканага жеткирүү керектигин суранышкан видео тараган.

Жол тескөөчү 17-августта Бишкектеги Улуттук госпиталга жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан