Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн, 19-августта Ысык-Көлдө кызмат учурунда унаа сүзүп кеткен жол тескөөчүнүн абалы боюнча маалымат берди.
Анда 30 жаштагы жол тескөөчүнүн абалы оор, учурда жандандыруу бөлүмүндө экени айтылат.
Ал 17-августта Бишкектеги Улуттук госпиталга жеткирилген.
"Баш мээнин жабык жаракаты, мээнин оң жарым шарында бир нече геморрагиялык жаракат, моюн бөлүктүн чоюлушу диагнозу коюлган.
Учурда ал жандандырүү бөлүмүндө. Дарыгерлер абалын оор деп баалашууда", - деп билдирди министрлик.
Ошондой эле бейтап талапка ылайык, толук кандуу дарылануудан өтүп жатканын, бүгүн кайрадан дарылануусу текшерүүгө алынарын маалымдады.
Эске салсак, буга чейин Бишкектен Ысык-Көл облусуна кызматтык иш сапары менен барып, жол тыгынын жөнгө салып жаткан Кайгуул кызматынын кызматкерин Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткени маалым болгон.
Социалдык тармактарда өздөрүн анын досторубуз деп тааныштыргандар окуя 15-август күнү Чолпон-Ата шаарында болгонун айтып, жол тескөөчү комада экенин, андыктан аны Бишкектеги ооруканага жеткирүү керектигин суранышкан видео тараган.