Эммануэль Макрон Дуровдун кармалышы боюнча үн катты

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Телеграм мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуровдун кармалышы боюнча комментарий берди. Чет элдик басылмалар жазгандай, Макрон Дуровдун кармалышы саясатка тиешеси жоктугун белгилеген.
"Францияда Телеграм мессенжеринин жетекчисин камакка алуу жүрүп жатканы соттук тергөөнүн алкагында болду. Бул эч кандай саясий чечим эмес. Чечим соттордун колунда" деген Макрон.

Белгилей кетсек, 24-августта Франциянын жарандыгы бар Павел Дуров Париждин "Ле-Бурже" аэропортунда кармалган. Ал Парижге кечки тамактануу үчүн эле барган. "Анын издөөдө жүргөнүн өзү билген" деп маалымдаган Телеграм канал.

Айта кетсек, Телеграм мессенжеринин негиздөөчүсү 12-июнда Ысык-Көлгө да келип кеткен. Ал жергиликтүү PR-менеджерлери менен жолугуп, анда Телеграм тиркемесинин ишин жакшыртуу жолдору талкууланганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан