Кыргызстандык спортчулар Паралимпиада оюндарында качан мелдешке чыгат? (тизме)

Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан XVII Жайкы Паралимпиада оюндарына өлкөдөн 4 спортчу катышып жатат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатынан билдиргендей, Гүлназ Жүзбаева (жеңил атлетика), Айтунук Жоомарт кызы (триатлон), Маматибраим Суранов (дзюдо) жана Миргүл Болоталиева (пауэрлифтинг) Паралимпиадада өлкө намысын коргошот.
Спортчулардын мелдештерге чыга турчу жадыбалы:
1-сентябрь, саат 14:10
Паражеңил атлетика (1500 метр) - Гүлназ Жүзбаева;
2- сентябрь, саат 14:10
Паратриатлон - Айтунук Жоомарт кызы.
6- сентябрь, саат 14:10, финал 20:00
Парадзюдо - Маматибраим Суранов (73 килограмм);
8-сентябрь, саат 14:35
Парапауэрлифтинг - Миргүл Болоталиева (86 килограмм).
Белгилей кетсек, Жайкы Паралимпиада оюндары 28-августта старт алды. Мелдештерге 182 өлкөдөн келген 4400 спортчу 22 спорттун түрү боюнча катышууда. Жалпысынан 549 медаль топтому ойнотулуп, иш-чара 8-сентябрга чейин уланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан