Бишкек шаардык соту Аскат Жетигендин апелляциялык арызын карады

Бүгүн, 17-октябрда Бишкек шаардык соту акын жана активист Аскат Жетигендин апелляциялык арызын карап, Свердлов райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 1-июлда Свердлов райондук соту Аскат Жетиген “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркиндигинен ажыраткан. Ал эми “Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси боюнча сот активистти актаган.

Ал апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган болчу.

Эскерте кетсек, Аскат Жетиген 20-мартта кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Ал “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренелери боюнча айыпталган.

Ага чейин акын 15-мартта кайрылуу жасап, бийликти сөгүп билдирүү жарыялаган. УКМК тарабынан 16-мартта кармалып, 48 саатка камакка алынган. 18-мартта Биринчи май райондук соту аны эч жакка чыкпоо тил каты менен бошоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан