
Жайыл районунда жайгашкан Аялдардын психоневрологиялык социалдык стационарына комиссия жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 30-октябрда Эмгек министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун Жайылдагы стационардык мекеме тууралуу маалыматы чыккандан кийин министр Жылдыз Полотова ал жайга комиссия жөнөткөн.
"Эмгек министринин орун басары жетектеген комиссия жагдайды тактоо үчүн ошол жерге жөнөп кетти. Комиссиянын курамына Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү кирди" - деп билдирди министрлик.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбор Жайыл районунда жайгашкан социалдык стационардын кызматкерлери бейтаптарга ырайымсыз мамиле кылууда деп
маалымат тараткан.