Жайыл районундагы Аялдардын психоневрологиялык социалдык стационарынын кызматкерлери бейтаптарга ырайымсыз, катаал мамиле кылган. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордон билдирип, видео менен бөлүштү.
Андагы маалыматка караганда, аталган борбордун кызматкерлери бир жума мурун Жайыл районундагы Аялдардын психоневрологиялык социалдык стационарына барган. Анда №1 корпуста 72 адам көзөмөлдө болсо, аларга 64 эле керебет даярдалган. Эки аял жерде жатууга аргасыз, дагы алтоо эмереги, шарты жок, бош бөлмөгө киргизилген. Ал тургай ажаткана жок, анын ордуна чакалар коюлган.
Ал эми стационардын кызматкерлери аталган бөлмө психикалык жактан артта калгандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн "изолятор" катары колдонула турганын билдирген.
Кыйноолорду алдын алуу борбору мекеме кызматкерлеринин бейтаптарга кылган мамилесин ырайымсыз деп баалап, тиешелүү чара көрүү үчүн документтерди прокуратурага жөнөткөн.