Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи Сириядагы аскердик төңкөрүштү АКШ менен Израил ишке ашырганын айтты. Бул тууралуу ТААС агенттиги SNN телеканалына шилтеме берүү менен жазды.
"Сирияда болуп өтөн окуя Вашингтон менен Тель-Авивдин биргелешкен планы экендигинде шек жок. Ооба, Сириядагы төңкөрүшкө коңшулаш бир мамлекет да өз ролун ойногон жана азыр да ойноп жатат. Бирок негизги кутумчулар Кошмо Штаттары жана Израил болгон", - деген ал.
Бирок Хаменеи катыштыгы бар деген коңшу өлкөнүн атын атаган эмес.
Белгилей кетсек, 27-ноябрда куралдуу козголоңчулар Сирия армиясынын Алеппо жана Идлиб провинцияларындагы тутумдарына каршы кеңири масштабдагы чабуулун баштаган. 7-декабрда алар бир нече ири шаарларды (Алеппо, Хама, Дараа жана Хомс) басып алышкан жана 8-декабрда борбор калаа Дамаскка чейин кирип келишип, мамлекеттик телеканалдын башкы кеңсесинен Башар Асаддын 24 жылдык авторитардык башкаруусу аяктаганын жарыялашкан. Ал эми президент Башар Асад өлкөдөн чыгып кетип, Орусиядан башпаанек алганы белгилүү болгон.