Бүгүн, 19-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында баңгизатын жарнама кылгандарга жазаны катаалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Мыйзамдын демилгечиси, депутат Медер Алиев жаштар арасында синтетикалык баңгизаттарды колдонгондордун саны өсүп жатканын белгилеп, мыйзам долбооруна ылайык, баңгизатты жарнама кылгандарга айып пул салуу жазасы күчөтүлүп абакка кесилери, күчтүү таасир этүүчү дарыларды дарыгердин сунушу жок саткан дарыканаларга салынчу 50 миң сомдук айып пулду 200 миң сомго чейин көтөрүү сунушталып жатканын айтты.
Талкууда эл өкүлү Элдар Абакиров күчтүү таасир этүүчү дарылардын сатылышын дарыканаларга 200 миң сом айып пул салуу менен чектей албастыгын айтты. Ал алар азыркы 50 миң сомду деле төлөгүсү келбестигин, андыктан айып пул салуу оң натыйжа бере албастыгын белгилеп, башка жолун караштырып көрүүнү сунуштады.
Ал эми депутат Дастан Бекешев айрым баңгизаттарды мыйзамдаштырууну ойлонуп көрүүгө чакырды. Анын пикиринде, учурда жаштардын көпчүлүгү баңгизатка тыюу салса да, аны колдонуп жатат. Ошого байланыштуу жеңил баңгизаттарды мыйзамдаштыруу керек. Буга демилгечи Алиев макул эместигин билдирди.
Мындан тышкары депутат Марлен Маматалиев күчтүү таасир этүүчү дарыларды жашы жетелектерге дарыгерлердин сунушун алып келген күндө дагы сатууга тыюу салууну киргизүү керектигин, ошондой эле мектеп жашындагы балдар арасында клей жыттаган учурлар көбөйүп жатканын, андыктан мыйзамга мындай иштерге дагы чара көрүү нормасын киргизүүнү караштырып көрүүнү сунуштады. Маматалиев мектеп окуучуларын жыл сайын медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү күчөтүү маселесине көңүл бурууга чакырды.
"Жакында эле кызым "флюорографиядан өтүп жатабыз, ага бардыгыбыз барып жатабыз, 2-3 окуучу барбайт. Анткени алар тамеки чегет" деп айтты. Мына 8-класстын кызынын сөзү. Ата-энелердин уруксатын алып, жыл сайын окуучуларды текшерип турсак", - деди ал.
Жыйынтыгында каттоодон өткөн 84 депутаттын 69у "макул" добушун берсе, "каршы" добуш бергендер болгон жок.