Актауда учак кырсыгынан жабыркаган Кыргызстандын жарандарын жаңы жылга чейин мекенине алып келүү үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн Казакстандын Актау шаарында учак кырсыгынан жабыркаган Кыргызстандын жарандарынан кабар алуу жана жардам көрсөтүү максатында, ӨКМдин куткаруучулары, медициналык кызматкерлери жана жабыркаган Ринат Асановдун бир туугандары учуп барышты.
"Бүгүн дарыгерлердин консилиумунда жабыркаган жарандарды мекенге алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр болду. Дарыгерлер жабаркагандардын абалдары туруктуу, аны менен катар көзөмөл керек экенин билдирүүдө. Бул иш-чаралар президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө. Кыргызстандын жарандарын жаңы жылга чейин мекенге алып келүү жана керектүү жардамды көрсөтүү үчүн бардык күч-аракет жумшалат", - деп айтылат маалыматта.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Азербайжан жана Казакстандын ӨКМи менен биргеликте иш алып барып жатканын кошумчалады.
Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Кыргызстандын жарандарын өлкөгө алып келүүгө учак даяр экенин билдирген.