Кытайдын түштүк-батышындагы Тибет автономиялуу районунда болгон жер титирөөдөн каза болгондордун саны 53кө, ал эми жабыркагандардын саны 62ге жеткенин Синьхуа агенттиги кабарлады.
Буга чейин бүгүн, 7-январда Тибетте күчү 6,8 баллга жеткен жер силкинүүдөн 32 адам набыт болгону кабарланган. Анда жабыркагандардын саны 36 экени айылган эле.
Учурда кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле тургундар эвакуацияланууда.