Трамп көз арткан каналды Панаманын министри динге салыштырды

Панаманын тышкы иштер министри Хавьер Мартинес Ача канал сатылбасын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

"Канал панамалыктарды бириктирип турган дин. Ал сатылбайт", - деген министр.

Мартинес Ача канал бүткүл эл аралык коомчулукка, өзгөчө Кошмо Штаттарына ийгиликтүү кызмат көрсөтүп келе жатканын кошумчалаган.

Буга чейин Трамп Панама каналын АКШга кайтарып алуу үчүн аскердик жана экономикалык чаралар көрүлүшү мүмкүн экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан