Бүгүн, 12-январда Таш-Көмүр шаарынын дайынсыз болуп жаткан тургунун издөө иштерине 52 адам, 3 дрон тартылды.
ӨКМ кабарлагандай, издөө иштери Таш-Көмүр шаарынын аймагында уланып жатат. Аны өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеке көзөмөлүнө алууда.
Айта кетсек, 15-декабрда 1978-жылы туулган Таш-Көмүр шаарынын М.Д. аттуу тургуну Сүттү-Булак жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аны издөө иштери 17-декабрдан бери жүрүп келет.