Гренландияда АКШга кошулуу боюнча сурамжылоо жүрдү. Жыйынтыгы

Америкалык Patriot Polling бейөкмөт уюму жүргүзгөн сурамжылоого катышкан Гренландиянын көпчүлүк жарандары аралдын АКШга кошулушун жактаган.

Маалыматта катышуучулардын 57,3 пайызы өз өлкөсү АКШга кошулушун колдошсо, 37,4 пайызы каршы болгон. Ал эми калган 5,3 пайызы жооп берүүдөн карманган.

Бейөкмөт уюмдун маалыматы боюнча сурамжылоо 6-январдан 11-январга чейин жүргүзүлүп, ага 416 жаран катышкан.

Эске салсак, декабрь айында АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Даниянын курамына кирген Гренландия аралы Кошмо Штаттардын менчигине өтүшү керек деген пикирин билдирген. Көп өтпөй Гренландиянын премьер-министри Муте Эгеде Трампка жооп кылып, арал эч качан сатылбастыгын айткан. Трамп жыл башында Флоридадагы маалымат жыйынында кайрадан Гренландия тууралуу сөз кылып, аралды көзөмөлгө алуу үчүн экономикалык же аскердик күч колдонуу мүмкүндүгүн кыйыткан.

Reuters агенттиги маалымат булактарына таянып, Трамптын командасы түзгөн тышкы саясаттын пландарынын тизмесинде аралды сатып алуу каралганын жазып чыккан. Анда агенттиктин маектештеринин бири Трамп Гренландияны алуу үчүн аскерий күчкө барышы күмөн экенин белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан