Таласта кайрымдуулук фонд тарабынан курулуп бүткөн бейтапкана колдонууга берилди

Бүгүн, 13-январда Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Чолпонбай айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты колдонууга берилди. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, жаңы имарат заманбап талаптарга жооп берет жана бардык зарыл эмеректер менен жабдылган. Социалдык долбоор “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду тарабынан ишке ашырылды.

Белгиленгендей, иш-чарага Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Марат Мураталиев жана Гулкан Молдобекова, “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун аткаруучу директору Ибрагим Мальсагов жана жергиликтүү тургундар катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан