Бишкекте Медерова көчөсүнөн түштүк тарабында 7-Апрель көчөсүн бойлой ысык-суу жана жылуулук түтүктөрү жарылган.
Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, учурда жарылган жерди аныктоо иштери жүрүп жатат. Жылуулук жана ысык суу берүү калыбына келтириле баштады.
"Бишкек жылууулук тармактар" ишканасынын өкүлү Сергей Кандратьев аталган жайдагы түтүктөр 1974-жылы орнотулганын белгилеп, 50 жылга жакын кызмат кылганын билдирди. Анын айтымында жеринде тийиштүү кызматтар калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат.
Азыркы тапта унаалардын өтүүсүнө жарым-жартылай чектөө киргизилген.
Белгилей кетсек, бүгүн, 13-январда Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде түтүк жарылып, ысык суу жолду каптап кеткендиги айтылган.