Бүгүн, 13-январда Медеров көчөсүнүн түштүк тарабында 7-Апрель көчөсүндөгү суу түтүгүнүн жарылуусунун кесепетинен улам, төмөнкү даректер боюнча жылуулук менен камсыздоо убактылуу токтотулду:

- 7-Апрель көчөсү: №3/3, №139 (Альфа), №3, №3/2 турак үйлөрү;

- Шоокум көчөсү: №84/1 үй (Көк-Жар кичи районунун карама-каршы тарабында жайгашкан үйлөр).

"Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасынын авариялык кызматтары жабыркаган жерди калыбына келтирүү иштерин дароо башташты. Жогоруда көрсөтүлгөн даректер боюнча жылуулук болжол менен таңга чейин калыбына келтирилет"- деп белгиленген маалыматта.