Орусиянын Тула шаарында аскер ооруканасынан өрт чыгып, тилсиз жоодон улам чатыры урады. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.
Маалымдалгандай, өрт жалмаган ооруканадан жаракат алгандар жана каза болгондор катталган эмес. Учурда ӨКМ кызматы үч кабаттуу имараттагы өрттү чектөөгө алганын кошумчалаган.
Белгиленгендей, жүздөгөн бейтаптар Коргоо министрлигинин шаардагы башка ооруканаларына жеткирилген. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт электр чубалгыларынан келип чыккан.