Париждеги Жайкы Олимпиадага катышкан спортчулар өңүн жоготкон медалдарды уюштуруучуларга кайтырып беришүүдө. Алардын саны жүздөп санала тургандыгын чет элдик басылмалар жазышты.
Көбүнчө алар коло медалдарга нааразы. Кээ бир спортчулар медалдар "согуштан өткөндөй" деген оюн айтышкан. Сүрөттө франциялык сууда сүзүүчүлөрдүн биринин коло медалы көрсөтүлгөн.
Ал эми Кыргызстандын спортчулары Парижден алып келген медалдары боюнча азырынча нааразычылыктарын айтыша элек.