Хорватиянын президенти кийинки мөөнөткө дагы шайланды

Хорватиянын азыркы президенти Зоран Миланович бардык шайлоо участокторунун маалыматтары боюнча президенттик шайлоодо жеңип чыкты. Тиешелүү документ 13-январда өлкөнүн мамлекеттик шайлоо комиссиясынын сайтында жарыяланганын чет элдик басылмалар айтышты.

Шайлоодо Миланович 1 миллион 122 миң 859 добушка ээ болсо, анын эң жакын негизги атаандашы, Хорватиянын демократиялык биримдиги (HDZ) партиясынан Драган Приморак 380 миң 752 добуш алганы такталды.

Добуш берүүгө шайлоочулардын 44,18 пайызы катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан