Бирдиктүү квитанция. Бишкектин тургундары суроолор боюнча кайда кайрыла алат?

Бишкек шаарынын мэриясы коммуналдык төлөмдөрдү төлөө үчүн бирдиктүү квитанция системасын ишке киргизди. Бул туурасында бүгүн, 14-январда муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, жаңы система үй-коммуналдык кызматтар үчүн бардык төлөмдөрдү бир кагазда бириктирүүнү көздөйт. Суу, жылуулук, газ, таштанды жана лифттердин техникалык тейлөө кызматтары бириктирилди. Бирдиктүү квитанцияларда бирдиктүү ELQR кодун көрсөтүүдө, ал төлөмдүн бардык маалыматтарын камтып, бир баскыч менен төлөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Эгер бирдиктүү квитанция боюнча суроолоруңуз болсо, төмөнкү телефон номурларына кайрылыңыз:

«Тазалык» МИ:
Ленин району: 34 50 41;
Октябрь району: 34 48 41;
Биринчи май району: 34 51 13;
Свердлов району: 34 47 33.

«Бишкекжылуулуктармагы» МИ: 61 09 83, 61 11 14, 61 13 67, 61 11 69 же 1980.
«Бишкексууканал» МИ: 1533.
«Бишкекшаарлифт» МИ: 31 44 51.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан