Бишкек шаарынын муниципалдык менчигиндеги транспорттук каражаттарды сатуу боюнча аукцион жарыяланды. Бул туурасында бүгүн, 14-январда мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, 112 лоттон турган аукцион, 18-февралда өтөт. Арыз берүү 14-февралга чейин кабыл алынат.
Талапкерлер Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине ачык аукционго катышуу укугун алуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруусу зарыл:
1. Ачык аукционго катышуу ниетин билдирген жазуу жүзүндөгү арыз, ЛОТ номери көрсөтүлгөн;
2. Талапкердин өздүгүн тастыктаган документ;
3. Талапкер юридикалык жактын жетекчиси экендигин тастыктаган документ же талапкердин атынан сүйлөшүүгө укук берген ишеним кат;
4. Кепилдик сумманы (аванс) төлөгөндүгү тууралуу төлөм документи.