Англиянын чемпиону, мурдагы футболчу жана "Манчестер Ситинин" башкы машыктыруучусу Тони Бук 90 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.
Аталган клубдун сайтында көңүл айтуу айтылган.
Жалпысынан Бук 1966-1974-жылдар аралыгында “Манчестер Сити” үчүн 315 беттеш өткөргөн. Бул мезгилде ал командасына беш гол алып келди. 1967-жылы клубдун капитаны болуп дайындалган. Футбол клуб менен бирге Бук Англиянын бир нече сыйлыктарына татылган.