Москвадагы “Crocus City Hall” концерттик залында болгон терактка шектүү 27 адамга айып тагылды. Бул туурасында 14-январда Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин билдиргенин орус басылмалары жазды.
Бастрыкиндин айтымында, учурда террордук актты уюштурууга, даярдоого жана каржылоого тиешеси бар башка адамдарды иликтөө иштери уланууда. Ал кошумчалагандай, бирдиктүү акча чогултуу борборлору аркылуу каржылык байланыштар аныкталган жана текшерүү уланууда.
Белгилей кетсек, 22-мартта Орусиянын Москва шаарындагы "Крокус Сити Холлдо" болгон теракттын натыйжасында 144 адам каза болуп, дагы 551 адам жаракат алган. Ошол эле күнү теракт боюнча 20 айыпталуучу өтүп жатканы, алардын 18и камакка алынганы, дагы экөө башка жакка чыкпоо тил каты менен бошотулганы белгилүү болгон.