"Качып кетээрге эшик таппай чуркашып..." Москвада мигранттарга массалык рейд башталды (видео)

Орусиянын борбору Москва шаарындагы "Теплыйстан" кичирайонунда миграттарга массалык рейд башталды. Бул туурасында бүгүн, 14-январда күбөлөр билдирип, видео менен бөлүштү.

Алардын айтымында аталган аймактагы базарда рейд жүргөн. Күч түзүмдөрү аталган жайды курчоого алган. Андыктан ичинде иштеген мигранттар кайда качаарын билбей, ары-бери чуркап жүргөнүн байкоого болот. Ошондой эле мыйзамсыз жүргөн миграттарды алып кетүү үчүн ондогон автобустар келгенин көрө алабыз.

Айта кетсек, буга чейин Орусия 2025-жылдын январь айынан баштап мыйзамсыз миграцияга байланыштуу рейддер күчөтүлө тургандыгын байма-бай айтып келген.

14.01.25
14.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан