
Бишкеке шаарынын түштүк бөлүгүндөгү жылуулук берүү толугу менен калыбына келтирилди. Бул туурасында мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы резервдик жабдуулардагы бузулууларды оңдөп, электр жабдууларын сыноодон өткөргөн. Андан соң №7 насос станциясында сальниктер алмаштырылып, №5, 6, 7, 11, 12 жана Асанбай микрорайондоруна жылуулук берүү толугу менен калыбына келтирилди.
Мэрия аталган аймактарда жылуулуктун температурасы минималдуу деңгээлде төмөндөтүлүп, ысык суу берүү токтотулбагандыгын кошумчалаган.