Ошто обочолонгон Алмалык айылынын балдарына жаңы мектеп курулду

Ош шаары менен Ноокат районунун ортосунда жайгашкан Алмалык айылында мектептин курулушу бүттү. Бул туурасында бүгүн, 15-январда Ош шаарынын мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, калаа башчысы Бакытбек Жетигенов курулушу бүткөрүлгөн мектепти көрүп чыкты. Ал окуучулардын билим алуусуна, өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүн билдирди.

Белгиленгендей, 2 кабаттан турган мектеп өз мөөнөтүндө бүткөрүлүп, 150 окуучуга ылайыкташкан. Билим берүү мекемесинде спорт аянтчасы, кичи футбол талаасы, жыйындар залы, ашкана, откана ж.б. зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөн.
Айта кетсек, Алмалык айылы шаардан 11 чакырым алыстыкта, тоо борунда жайгашкан аймак.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан