Индиянын армиясы Пунадагы аскердик парадда робот иттерди көрсөттү. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, робот иттер манипуляция үчүн колдонулган куралдарды сезип, аларга жооп кайтара алат. Демек алар учкучсуз учуучу аппараттардын, дрондордун байкоосуз келишин баамдай алат.
Робот иттер тепкичтерде көтөрүлөт, эңкейиштерде жана таштандыга толгон жерлерде кенен жүрө алышат.
2024-жылдын июнь айында Индия армиясы 100 даана мындай роботтор менен камсыз болгондугу маалыматта кошумчаланган.