Уэльс ханбийкеси Кейт Миддлтон рак оорусу жеңилдеп баратканын жарыялады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, ал онкология жаатындагы клиникалык изилдөөлөрдү, рак менен ооруган адамдарды колдой тургандыгын билдирген.
“Мен илдеттен айыгып бара жатам. Быйылкы жыл мен үчүн ийгиликтүү жылдардан боло турганына ишенем. Баарына убакыт керектелет. Көп нерсени күтсө да болот. Колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык”, - деп билдирген ханбийке.
Миддлтон өзү дарыланган “Royal Marsden” ооруканасына баргандан кийин коомчулукка ремиссиясын жарыялады. Ханбийке дарыгерлерге ыраазычылык билдирип, мекеменин меценаты болгонун кошумчалады.
Белгилей кетсек, буга чейин рак илдетине чалдыккан Уэльс ханбийкеси Кейт Миддлтон тогуз ай оору менен алп урушуп, химиотерапияны аяктаганын жарыялаган болчу.